2026-жылдын 12-майында башкы имараттагы кичи жыйындар залында КУУнун студенттери үчүн «Киберкылмыштуулуктун алдын алуу» аттуу лекция өткөрүлдү. Иш-чара Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан уюштурулуп, жаштар арасында санариптик коопсуздук боюнча маалыматтуулукту жогорулатууга багытталды.
Лекциянын баяндамачысы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Башкы кылмыш иликтөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам өкүлү, милициянын майору Мамбетов Нурбек Турдубекович болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө киберкылмыштуулуктун түрлөрү, интернет аркылуу жасалган алдамчылык фактылары, социалдык тармактардагы коопсуздук эрежелери жана жарандардын жеке маалыматтарын коргоо маселелери тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле студенттерге шектүү шилтемелерден сак болуу, онлайн төлөмдөрдү жүргүзүүдө этияттыкты күчөтүү жана социалдык тармактарда жеке маалыматтарды бөлүшүүдө коопсуздук чараларын сактоо боюнча практикалык кеңештер айтылды.
Лекция интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Мындай жолугушуулар жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, заманбап технологияларды коопсуз пайдаланууга жана кибер коркунучтардын алдын алууга өбөлгө түзөт.
(С) Курманбекова Бурул — тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектор башчысы