2026 жылдын 29-30 апрель күндөрү факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Г.К.Осмоналиева Агартуу министрлигине караштуу Окуу китеби басма үйү мамлекеттик мекемеси уштурган: «Улут келечегинин негизи: жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди сапаттуу экспертизалоо жана күчтүү эксперттик маданиятты калыптандыруу» аталышындагы III форумга эксперт катары катышып, пленардык отурумда : “Кыргыз мектептерге орус тили боюнча даярдалган окуу китептерди экспертизадан өткөрүү өзгөчөлүктөрү (ойлор, тажрыйбалар, кеңештер)” аттуу баяндамасын презентациялады.
Баяндаманын аягында китептерди экспертизалоо боюнча тажрыйба алмашып, “Уңгу жол — улуттук дем” КР Президентинин доктринасынын негизинде окуу китептерди түзүү боюнча айрым кеңештери менен бөлүштү.
Форумдун негизги максаты:
- көп тилдүү билим берүүдө китептерди түзүүдө мамлекеттик тилдин ролун өркүндөтүү жана башка тилдердин ордун аныктоо;
- окуу материалдарына экспертиза жүргүзүү системасын өркүндөтүү;
- эксперттерди даярдоо системасын өнүктүрүү;
- инклюзия, антидискриминациялык жана гендердик экспертизанын принциптерин эске алуу менен окуу материалдарын экспертизадан өткөрүү практикасын өнүктүрүү;
- окуу материалдарына экспертиза жүргүзүү процессинде заманбап санариптик инструменттерди колдонуу жана киргизүү.
Форумдун жүрүшүндө: КР.Агартуу министрлигинин жана ЖОЖдордун, китепкана кызматкерлердин адистери катышты.
Форумдун аягында: дискуссия панели, сертификаттарды тапшыруу аземи , сунуш-пикирлерди кабыл алуу жана резолюцияны кабыл алуу болуп өттү.
(С) Г.К.Осмоналиева — факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы