2026-жылдын 29-апрель күнү ректораттын жыйындар залында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылдын 15-апрелиндеги буйругу менен бекитилген Улуттук университеттин Көзөмөлчүлүк кеңешинин жаңы курамынын алгачкы отуруму болуп өттү.
Жыйындын башында уюштуруу маселелери каралып, добуш берүүнүн жыйынтыгында аталган кеңештин төрагасы болуп белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов, ал эми катчысы болуп «Евразия Кей Джи» коомдук фондунун директору Кымбат Урумкулова шайланды.
Отурумдун андан кийинки бөлүгүндө күн тартибиндеги маселелер каралып, талкуудан кийин тиешелүү чечимдер кабыл алынды.