2026-жылдын 29-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттери арасындагы Универсиадада ийгиликтүү жыйынтык көрсөткөн КУУнун курама командасын кабыл алды.

Аталган мелдеште КУУнун студенттери ар түрдүү спорттук багыттар боюнча күч сынашып, жыйынтыгында жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду ээлешти.

Ректор студенттерди куттуктап жатып, мелдештерге бирдиктүү даярдык көрүлүп, жыл сайын жакшы жыйынтыктар көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Ал о.э. атаандаштыкка жөндөмдүү, шыктуу студенттер менен натыйжалуу иш алып барып жаткан машыктыруучуларга ыраазычылык билдирип, мындан аркы мелдештерде дагы жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүнү каалады.

Спорттук жетишкендиктер билим берүү багыты менен катар эле маанилүү иш-чара болуп саналат.  Окуу жай жетекчилиги студенттерди колдоо жана спорттук  инфраструктураны өнүктүрүү жаатында бир катар алгылыктуу иштерди жасап келет.

Добавить комментарий