2026-жылдын 29-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун 70 жылдыгына жана Кыргыз радиосунун 95 жылдыгына арналган белгилүү теледиктор, филология илимдеринин кандидаты, доцент, УТРКнын иш башкаруучусу Чынар Капарованын «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (1926–2026)» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, УТРКнын башкы директорунун орун басары Алмаз Касымалиев, Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк, белгилүү журналисттер, медиа өкүлдөрү жана окутуучулар катышты.
Ректор Догдурбек Чонтоев өз сөзүндө кылымга тете кыргыз телерадиосунун тарыхын жазуу чоң эмгек экенин баса белгилеп, китеп документалдуу маалыматтардын баалуу топтому экенин айтты. Ошондой эле ал бул эмгек телекызматкерлер үчүн гана эмес, келечекте журналистика тармагын тандаган студенттер үчүн да маанилүү булак болорун белгиледи.
Иш-чарада замандын өзгөрүшүнө жараша телевидение тармагында көптөгөн жаңылануулар болуп жатканы менен, кыргыз журналистикасынын тарыхындагы урунттуу учурларды сактап жазып чыгаруу маанилүү экени баса белгиленди.
Белгилей кетсек, Чынар Капарова бул эмгекти соңку беш жыл ичинде жазып, анда Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын өнүгүү тенденциялары дагы камтылган.














