2026-жылдын 24-апрелинде Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) чоң жыйындар залында профессор, педагогика илимдеринин доктору Ажарбүбү Раимкулованын 70 жылдык мааракесине арналган “Стандарттык педагогикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн инновациялык жолдору” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.
Маараке ээсин КУУнун ректоратынын атынан мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова жана кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков куттуктап, анын кыргыз педагогика илимине жана университеттин илимий потенциалын жогорулатууга кошкон олуттуу салымын белгилешти.
Тегерек столго ошондой эле Россия Табигый илимдер академиясынын өкүлдөрү, өлкөдөгү жогорку окуу жайлардан жана Кыргызстан аялдар конгрессинен делегаттар катышты.
Расмий бөлүктө Ажарбүбү Раимкулованын билим берүү тармагындагы ишмердүүлүгү кеңири белгиленип, ал 1990-жылдардан тартып КУУда эмгектенип, мыкты изилдөөчүлөрдүн катарына киргени жана эл аралык деңгээлде Россия Табигый илимдер академиясынын академиги болгондугу айтылды.
Секциялык жыйындарда “Санарип педагогика жана онлайн өз ара аракеттенүүнүн жаңы формалары” жана “Оффлайн режиминде окутуунун заманбап ыкмалары” темалары талкууланып, билим берүүнү санариптештирүү жана жаңы технологияларды колдонуу боюнча Раимкулованын илимий концепциясына өзгөчө көңүл бурулду.






























