2026-жылдын 24-апрелинде 8-окуу имаратындагы конференц-залда Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, профессор Токтоназар Абдыкаировдун элесине арналган «Туруктуу өнүгүү контекстиндеги экономиканын глобалдык архитектурасы: эсеп, финансы жана салык салуу»  аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. 

Жыйынга экономика, бухгалтердик эсеп, финансы жана салык салуу багытындагы алдыңкы эл аралык жана жергиликтүү ЖОЖдор менен илимий мекемелердин окумуштуулары жана окутуучулары катышты.

Иш-чаранын пленардык жыйынында окумуштуу-экономист, профессор Токтоназар Абдыкаировдун кесиптештери жана замандаштары анын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн, жогорку кесипкөйлүгүн белгилешип, экономика тармагына кошкон зор салымын эскеришти. Ошондой эле КУУнун Экономиканын жогорку мектебинин директору Нургүл Мусаева жетектеген жамаат анын эмгектерин жогору баалашты.

Конференциянын алкагында илимий жана кесиптик коомчулукту бириктирген актуалдуу маселелер талкууланды. Алардын катарында эсептик-аналитикалык системаларды өркүндөтүү, финансылык агымдардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, салык саясатын санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүш шарттарына ылайыкташтыруу маселелери бар. Мындан тышкары, секциялык жыйындарда экономиканын ар кыл багыттары боюнча маанилүү жана актуалдуу темаларда баяндамалар жасалды.

Эл аралык конференция илимий-теориялык жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле илимий жана кесиптик коомчулукту бириктирүүгө өбөлгө түздү.

Добавить комментарий