2026-жылдын 23-апрелинде Кыргыз-Европа факультетинде Франция менен лингвистикалык жана академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган жаңы француз кабинетинин ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фай, Франциянын Пуатье университетинин өкүлдөрү жана Кыргыз-Европа факультетинин окутуучулары катышты.

Сыйлуу коноктор бул иш-чаранын Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосундагы билим берүү жана маданий байланыштарды чыңдоодогу мааниси зор экенин баса белгилешти.

Француз кабинетинин ачылышы — француз тилин үйрөнүп жаткан студенттердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп, факультеттин эл аралык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүүгө салым кошот.

Ушул эле күнү Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз-Европа факультетинин жана Пуатье Университетинин бүтүрүүчүлөрүнө кош дипломдорду тапшыруу аземи болду.

Иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай, Пуатье университетинин өкүлдөрү, Кыргыз-Европа факультетинин окутуучулары жана студенттери катышты. Ардактуу коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышып, биргелешкен билим берүү программаларынын маанисин жана бүтүрүүчүлөрдүн жогорку деңгээлдеги даярдыгын белгилешти.

Салтанат учурунда бүтүрүүчүлөргө эки өлкөнүн — Франциянын жана Кыргыз Республикасынын — дипломдору тапшырылды. Бул алардын кесиптик жана академиялык өнүгүүсү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

КЭФтин деканы М.А.Нукеева, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр да куттуктоо сөздөрүн айтышып, бул эл аралык билим берүү программасына катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Ыраазычылыктын белгиси катары жана өнөктөштүктү бекемдөө үчүн француз делегациясына эстелик белектер тапшырылды. Иш-чаранын эң маанилүү окуясы — бул Пуатье университетинин профессору Филипп Рожонго Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жүз жылдыгына арналган медалды тапшыруу болду.

Салтанат майрамдык иш-чаранын жандуу уландысы болгон концерттик программа менен аяктады.

Добавить комментарий