2026-жылдын 23-апрель күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев КУУнун Баткен, Нарын жана Таластагы институттарынын, о.э. Каракол, Нарын, Ош жана Таластагы гуманитардык-табигый илимдер факультеттеринин кабыл алуу комиссияларынын жооптуу кызматкерлери менен онлайн жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда 2026-2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууну уюштуруу маселелери каралып, ректор региондордогу ЖОЖдордун өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Иш-чарага о.э. биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов катышты.

Добавить комментарий