Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө», «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик уңгужолу жөнүндө» жарлыктарын жана «2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын», «Кыргыз Республикасында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын» жүзөгө ашыруу максатында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы жана И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институту менен биргеликте мектептер менен тыгыз кызматташтыкта иштеп жатат.

Алардын бир мисалы катары 2026-жылдын январь-февраль-март айларында мугалимдер арасында республикалык денгээлде өткөрүлгөн «Мыкты класс жетекчи-2026» онлайн кароо-сынагын айтууга болот. Сынак 2 этап, 5 багыт менен өткөрүлдү.

Өлкөбүздүн эң мыкты мугалимдеринин башын кошкон, иш берүүчүлөр менен болгон кызматташууну күчөткөн мындай

саамалыкты куттуу университетибизде өткөрүү ары сыймыктуу, ары кубанычтуу.

(С) Р.Т.Сулайманова — «Мугалим» журналынын баш редактору, И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институттун директору, п.и.д., профессор

Добавить комментарий