2026-жылдын 9-апрелинде Экономиканын жогорку мектебинде (ЭЖМ) ABank окуу-практикалык лабораториясынын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улутттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, «ABank» (мурунку «Айыл Банк») мамлекеттик банкынын башкармалыгынын төрагасы Тилек Алимджанов, проректорлор, түзүм жетекчилери жана ЭЖМдин окутуучулары катышышып, бул демилге билим берүү менен өндүрүштүн ортосундагы байланышты чыңдоого чоң салым кошорун белгилешти.
Аталган лаборатория ЭЖМ студенттеринин теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштырууга багытталган. Ошондой эле заманбап банктык кызматтар менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ректор «ABank» менен түзүлгөн кызматташтык мындан ары да ийгиликтүү уланып, өз ара пайдалуу жыйынтыктарды берээрине ишеним билдирди.
Өз кезегинде «ABank» башкармалыгынын төрагасы Тилек Алимджанов банк учурда ребрендинг процессинен өтүп, өнүгүүнүн жаңы баскычына кадам таштаганын белгиледи. Анын айтымында, банктын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу максатында кадрдык потенциалды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондуктан, Улуттук университет менен бул жаатта жигердүү кызматташуу жүрмөкчү.
Белгилей кетсек, «ABank» менен Жусуп Баласагын атындагы КУУ ортосундагы кызматташуу меморандумуна 2024-жылы кол коюлган. Кызматташтык ошол жылдан бери уланып келет.