2026-жылдын 9-апрелинде Тоң районундагы Коңур-Өлөң айылындагы К.Иманалиев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучулары жана мугалимдери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине экскурсияга келишти. Бул мектеп белгилүү окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор К.Иманалиевдин ысымын алып жүрөт. Айта кетсек, К.Иманалиев ушул айылда төрөлгөн жана кыргыз филологиясы факультетинде иштеген, кыргыз адабиятын окутуунун методикасы боюнча белгилүү окумуштуу.

Экскурсия учурунда окуучулар 5-окуу имаратын кыдырып, Кыргыз филологиясы факультететинин жумушчу чөйрөсү, окуу аудиториялары менен таанышты.

Ошондой эле профориентациялык иш-чаралардын алкагында КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Н.Ишекеев, факультет деканы Б.Жайлообаев, К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн теориясы жана практикасы кафедрасынын профессор-окутуучулары окуучуларга кесипке багыттоо, келечектеги билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу, факультеттеги билим берүү программалары, илимий иштер жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат беришти.

Ошондой эле, алар белгилүү окумуштуу профессор К.Иманалиевдин өмүрү жана илимий жетишкендиктери тууралуу маалымат беришип, келечекте окумуштуу сыяктуу ийгиликтерге жетишүүлөрүн каалашты.

Аталган мектептин директору Азиз Эсеналиев университеттин жетекчилигине жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамына терең ыраазычылык билдирип, мындай профериентациялык иш-чаралар окуучуларга өз максаттарын аныктоого жана келечекте ийгиликтерге жетүүгө чоң түрткү берерин белгиледи.

Жолугушуунун аягында окуучулар менен мугалимдерге белектер тапшырылды. К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн теориясы жана практикасы кафедрасынын жамаатынын атынан окуучуларга кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы боюнча окуу куралдары, көркөм адабий китептер жана университеттин, факультеттин буклеттери берилди.

Бул белектер профериентациялык иш-чаранын маанисин арттырып, жаш муундарды илимге жана окууга болгон кызыгуусун жогорулатууга багытталды.

(С) Аскар кызы Ж. — кафедра башчысы, доцент

Добавить комментарий