2026-жылдын 1-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында өткөрүлгөн “Уңгужол: улуттук тамыр жана заманбап өнүгүү” аталышындагы мамлекеттик тил боюнча студенттик олимпиада жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.
Олимпиаданын негизги максаты — студенттер арасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана жаштардын интеллектуалдык, руханий потенциалын арттыруу болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында студенттер жат жазуу, социалдык долбоор коргоо жана көркөм окуу багыттары боюнча күч сынашып, өздөрүнүн билим деңгээлин жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
Жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:
“Уңгужол: учур жана келечек” темасындагы социалдык долбоор боюнча “Мыкты долбоор” номинациясы:
- I даражадагы диплом — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенти Баялиев Нурбол
- II даражадагы диплом — Кыргыз филология факультетинин студенти Камбарова Чынара
- III даражадагы диплом — И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун студенти Алиева Айгерим
“Мыкты көркөм окуу” номинациясы:
- I даражадагы диплом — География, экология жана туризм факультетинин студенти Касымов Мирсаид
- II даражадагы диплом — А.А. Асанова атындагы Менеджмент жана бизнес институтунун студенти Ормонбекова Тансулуу
- III даражадагы диплом — Кыргыз-кытай изилдөөчүлүк институтунун студенти Кенжебекова Мунара
Топтук иш боюнча “Инновациялык идеялар” номинациясы:
- I даражадагы диплом — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери
- II даражадагы диплом — Биология факультетинин студенттери
- III даражадагы диплом — Кыргыз-кытай изилдөөчүлүк институтунун студенттери
Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.
Бул иш-чара студенттердин мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун арттырып, улуттук аң-сезимди калыптандырууга жана заманбап ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту.