Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгына ылайык Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында «Мен мугалим болом» эл аралык сынагын өткөрөт.
Сынактын максаты — студенттердин педагогикалык чеберчилигин жана кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу, педагогикалык кесиптин имиджин жана аброюн көтөрүү, жаштардын мугалимдик кесипке болгон кызыгуусун арттыруу.
Сынак эки этап менен өткөрүлөт:
- I этап (тандоо туру, онлайн форматта): 2026-жылдын 18-мартынан 27-мартына чейин (эссе жазуу аркылуу);
- II этап (финалдык тур, офлайн форматта): 2026-жылдын 9–10-апрелинде.
Сынактын жыйынтыктоочу бөлүгү 2026-жылдын 10-апрелинде КУУнун №1 окуу имаратынын чоң жыйындар залында салтанаттуу түрдө өткөрүлөт.
(С) Жумакунова Асел — Педагогикалык институттун окутуучусу