2026-жылдын 22-майында Чет тилдер институтунда окууда жогорку жетишкендиктерге жетишип, коомдук иштерге активдүү катышкан студенттердин ата-энелерине ыраазычылык билдирүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин билим алуусундагы ийгиликтерине өбөлгө түзүп, алардын тарбиясына өзгөчө салым кошкон ата-энелерге терең ыраазычылык билдирүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Чет тилдер институтунун директору Уметов Кенжебай Каратаевич ата-энелер менен жолугушуп, институттун ишмердүүлүгү, билим берүү багыттары жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле институттун материалдык-техникалык базасы, окуу аудиториялары жана заманбап мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу максатында атайын экскурсия уюштурулду.

Мындан сырткары, институт жетекчилиги студенттердин жетишкендиктеринде ата-энелердин колдоосу жана тарбиясы өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилеп, коомдук жана маданий иш-чараларга активдүү катышкан студенттердин аракеттерин жогору баалады.

Иш-чаранын соңунда ата-энелерге ыраазычылык каттары тапшырылып, студенттердин жетишкендиктери тууралуу жылуу пикирлер айтылды.

Чет тилдер институту мындан ары да ата-энелер менен тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу билимдүү, жоопкерчиликтүү жана коомго пайдалуу жаштарды тарбиялоо багытындагы иштерин улантат.

(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык  иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий