2026-жылдын 21–22-май күндөрү Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту тарабынан уюштурулган «Жасалма интеллект жана киберкоопсуздук: Санариптик мейкиндикти коргоонун жаңы доору» аттуу III Республикалык хакатон ийгиликтүү өткөрүлдү.
Өткөрүлгөн илимий-практикалык иш-чара заманбап маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект жана маалыматтык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин чечүүгө багытталган инновациялык долбоорлорду генерациялоочу фундаменталдык интеллектуалдык аянтчага айланды.
Катышуучулардын курамы жана баалоо тартиби
Хакатонго республикабыздын билим берүү мекемелеринен жалпысынан 36 команда катышып, алардын ичинен 8 команда онлайн форматта өз долбоордук чечимдерин жакташты.
22-майда саат 14:00-18:00гө чейин созулган расмий коргоо процессинде катышуучулардын сунуштаган стартаптары жана программалык продуктулары компетенттүү калыстар тобу тарабынан 10 баллдык шкала боюнча бааланды. Долбоорлорду анализдөөдө төмөнкүдөй негизги илимий-техникалык критерийлер жетекчиликке алынды:
- долбоордун идеясынын хакатондун белгиленген багыттарына шайкештиги;
- программалык чечимдин оригиналдуулугу жана инновациялык жаңылыгы;
- техникалык чечимдин татаалдыгы жана архитектуралык деңгээли;
- сунушталган долбоордун экономикалык натыйжалуулугу жана реалдуулукка шайкештиги;
- презентациялык материалдардын сапаты жана коргоо деңгээли;
- долбоордун келечектүү өнүгүү потенциалы.
Хакатондун жыйынтыгы жана жеңүүчүлөр
Эксперттик комиссиянын кылдат баалоосунун жыйынтыгында, жалпысынан эки багыт боюнча эң жогорку упай топтогон алдыңкы командалар аныкталды:
1. «Веб технологиялар» багыты боюнча
- 1-орун: “CyberTech” командасы – 30 000 сом;
- 2-орун: “Trun Lens” командасы – 20 000 сом;
- 3-орун: “ПКС” командасы – 15 000 сом;
- 4-орун: “Kalkan AI” командасы – 10 000 сом.
2. «Мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу» багыты боюнча
- 1-орун: “Manas Tigers” командасы – 30 000 сом;
- 2-орун: “ScamСity” командасы – 20 000 сом;
- 3-орун: «Asta_team» командасы – 15 000 сом;
- 4-орун: “Kaizen” командасы – 10 000 сом.
Уюштуруу комитети бардык катышуучуларга жигердүүлүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет жана жеңүүчүлөрдү инновациялык технологиялык ийгиликтери менен куттуктайт!
Хакатондун жыйынтыгы расмий протокол менен бекитилди.
Хакатондун жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына сертификаттарды, ошондой эле баалуу байгелерди салтанаттуу тапшыруу аземи 2026-жылдын 25-майында саат 13:30 да Жусуп Баласагын атындагы КУУнун башкы имаратынын №145 кичи жыйындар залында өткөрүлөт.

















