Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институту математика багытындагы студенттер үчүн “Келечекке кадам: 12 жылдык билим берүүдө математика” аттуу эл аралык олимпиада өткөрөт.
Олимпиаданын максаты — студенттердин математикалык билим деңгээлин жогорулатуу, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана таланттуу жаштарды аныктоо.
Олимпиадага ЖОЖдордун математика багытындагы 1–3-курс студенттери катыша алат.
Өткөрүү тартиби:
- I тур (онлайн): 2026-жылдын 1-апрелинде саат 09:00 – 17:00 Google Forms аркылуу тест (20 суроо, 40 мүнөт);
- II тур (оффлайн): 2026-жылдын 15-апрелинде саат 11:00, КУУ, 6-окуу имараты, 108-аудиторияда өткөрүлөт.
Тапшырмалар арифметика, пайыздар, теңдемелер, функциялар, тексттик маселелерден түзүлгөн.
Жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланат.
Эскертүү:
II турда мобилдик телефон колдонууга тыюу салынат. Эрежени бузгандар олимпиададан четтетилет.📞 Байланыш телефондору: 0507 20 33 00, 0707 13 79 67
Олимпиаданын жобосу