2026-жылдын 12-мартында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы академиясынын башчысы Канжарбек Бокаев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки окуу жайдын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү, кадр даярдоо, билим берүү программалары менен аймактык окуу жайлардын сапатын көтөрүү боюнча пикир алмашышты.
КУУнун ректору 100 жылдык тарыхы бар Улуттук университет өлкөгө кадр даярдоо жагынан алдыда жана потенциалы чоң экенин белгилеп, УКМК академиясы менен окуу-методикалык багытта өз ара пайдалуу демилгелерди өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
УКМК академиясынын башчысы КУУнун 100 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленгени, окуу жайдын ырааттуу өнүгүүсү жана илимий-материалдык базасынын чыңдалышы тууралуу малыматы бар экенин билдирип, өзү жетектеген Академия — илимий жана усулдук борбору жана улуттук коопсуздук органдарынын кваликациясын жогорулатууга жана ар кандай кырдаалдарда иш алып барууга жөндөмдүү адистерди даярдоого мүмкүнчүлүгү бар жогорку аскердик окуу жай экенин маалымдады. Ал о.э. буга чейин коопсуздук органдарына керектүү адистер Россия Федерациясынан окуп келишсе, азыр Кыргызстанда эле 5 жылдык мөөнөт менен окуп жатышканын кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда Догдурбек Чонтоев менен Канжарбек Бокаев эки окуу жайдын ортосундагы кызматташуу меморандумуна кол коюшту.