2026-жылдын 12-мартында ректораттын жыйындар залында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучу-профессордук курамы тарабынан окуу жайдын бир кылымдык мааракесине карата демилгеленген “100 жылдыкка – 100 китеп” долбоорунун алкагында жарык көргөн 103 аталыштагы 206 нуска китепти А.Осмонов атындагы Улуттук китепканага тапшыруу аземи болду.

Иш-чарага илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу катышып, Улуттук китепканадан келген өкүлдөргө эмгектерди тааныштыруу менен, бул китептер окурмандарга, студенттерге жана илимий изилдөөчүлөргө жеткиликтүү болуп, билим багытынын өнүгүшүүнө салым кошот деген ишенимин билдирди.

КУУнун илимий китепканасынын директору Үмүт Казначиева китептердин тизмеси жана саны такталып, өткөрүлүп берилгенин жана китептер Улуттук китепкананын туруктуу фондуна киргизилээрин билдирди.

Добавить комментарий