2026-жылдын 2-мартында №6 окуу имаратынын 418 кабинетинде Химия жана химиялык технологиялар факультенинин Ресурстук борбору ачылды. Ачылыш аземге КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, академик Бектемир Мурзубраимов, проректорлор жана башка  түзүм жетекчилери катышты.

Заманбап технологиялар жана  интерактивдүү доска менен жабдылган борбор факультеттин жалпы окутучуулары үчүн илимий талкуулар жана башка иш-чаралар үчүн маанилүү аянтчага айланмакчы.

Ректор Догдурбек Чонтоев аталган Ресурстук борбор диссертациялык кеңештин жумушчу процессинде да колдонууларын, анткени быйылкы жылы Улуттук университетте 10 диссертациялык кеңеш иш алып барарын айтып, жасалып жаткан аракеттер КУУнун илимий потенциалын чыңдоого, келечектин мыкты кадрларын даярдоого арналып жатканын баса белгиледи.

Салтанаттуу иш-чарада жалпы жамаат, академик Бектемир Мурзубраимов түзүлүп жаткан шарттарга ыраазычылык билдиришип, Химия жана химиялык технологиялар факультетинин илимий изилдөөсүнө жана инновациялык тажрыйбасын жакшыртууга маанилүү баштама экенин белгилей кетишти.

Добавить комментарий