Улуттук илимдер академиясынын академиги, химия илимдеринин доктору, профессор Бектемир  Мурзубраимов эми Улуттук университеттин Химия жана химиялык технологиялар факультетинде илимий жана академиялык иштер боюнча кеңешчи болуп иштейт.

Бул тууралуу 2026-жылдын 2-март күнү КУУнун ректору, профессор Догдурбек  Чонтоев аталган факультетте болуп өткөн жыйында айтты. Ректор о.э. Бектемир Мурзубраимов агайдын Улуттук университетке келиши өтө кубанычтуу самаалык экенин, анын эмгек жолу, илим жолу көпчүлүккө үлгү боло тургандыгын белгиледи. Академик мындан ары факультеттин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн жаш окутуучуларга кеңештерин бермекчи.

Академик Бектемир Мурзубраимов өз кезегинде Улуттук университеттин жалпы жетекчилигине жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, өзү окуп, илимий даражага жеткирген куттуу окуу жайына келүү сыймык экенин, алдыда факультет жамааты менен натыйжалуу иштерди аткарабыз деген ниетин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Химия жана химиялык технологиялар факультетинин деканы Дилара Субанкулова баштаган жамаат мындай улуу устаттын келгенине кубанып тургандарын айтып, көңүл буруп жаткан жетекчилекке ыраазычылык билдиришти.

Добавить комментарий