Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы №147 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамына, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорунун 2025-жылдын 20-январындагы №28-буйругуна ылайык коррупциянын алдын алуу, коррупциялык укук бузууларга бөгөт коюу максатында 2026-жылдын 3-март күнү университеттин бардык окуу имараттарында “Ишеним кутучасы» орнотулду.
Орнотуу аземине илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу жетектеген жумушчу топтун мүчөлөрү катышты.
Белгилей кетсек, Ишеним кутучаларына студенттер өздөрүнүн купуя жазылган сунуш-пикирлерин таштай алышат.