2026-жылдын 25-февралында Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору, ф.и.д. Айман Акынбекова менен кыргыз адабияты кафедрасынын доценти, ф.и.к. Назгүл Турдубаева Ош мамлекеттик университетинде Жусуп Баласагындын туулган күнүнүн 1010 жылдыгына арналып өткөрүлгөн «Борбордук Азия элдеринин өнүгүшүндөгү байыркы кол жазмалар жана алардын эл аралык деңгээлдеги ролу: тил, адабият, маданият жана билим берүү маселелери (XI-XXI кылымга чейин)» аттуу эл аралык илимий конференцияга катышып келишти.
Ош мамлекеттик университетинин тышкы байланыштар бөлүмү, Филология жана маданияттар аралык коммуникация институту, Алишер Навои атындагы өзбек тили, адабияты жана маданияты борбору, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан уюштурулган эл аралык илимий конференциянын пленардык бөлүмүндө профессор Айман Акынбекова “Орто кылымдагы түрк жазма мурастардын тил илимдеги орду”, ал эми доцент Назгүл Турдубаева “Түрк элдеринин мамлекеттик, улуттук идеологиясы Ж.Баласагындын “Кутадгу билиг” чыгармасында изилдениши” деген темада баяндама жасашты.
(С) Н.Ш.Турдубаева – кыргыз филологиясы факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары