2026-жылдын 27-февралында Экономиканын жогорку мектебинин «Экономика» кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты «Эл аралык бизнес» жана «Экономика жана ишкананы башкаруу» багыттарынын 1–2-курс студенттери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жарлыгын ишке ашыруу максатында тегерек стол өткөрүштү.
Куратордук иштердин планына ылайык э.и.д., профессор Алыбаев Дж.Б., ага окутуучулар Субанкулова Н.А., Мельхер О.В. жана Михайлова И.В. тарабынан уюштурулган жыйынга кафедранын окутуучулары жана ЭМБ(б)-1-25, ЭУП(б)-1-25, ЭМБ(б)-1-24 академиялык топторунун студенттери катышты.
Тегерек столду кафедра башчысы, э.и.д., профессор Алыбаев Дж.Б. ачып, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жарлыгынын улуттук экономиканын өнүгүшүндөгү жана жаш муундардын жарандык аң-сезимин калыптандыруудагы маанисине токтолду. Ал студенттердин экономикалык ой жүгүртүүсүн системалуу өнүктүрүү, активдүү жарандык позициясын бекемдөө жана кесиптик жактан өсүүгө умтулуу зарылдыгын белгиледи. Ал о.э. жогорку билим берүү мекемелеринин заманбап социалдык-экономикалык чакырыктарга жооп бере алган адистерди даярдоодогу ролун баса белгилеп, студенттердин илимий-изилдөө жана билим берүү ишмердүүлүгүнө кеңири тартылышы окуу процессинин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер даярдаган докладдарын мультимедиялык презентациялардын коштоосунда сунушташты. Баяндама темалары экономикалык илимдин жана билим берүүнүн актуалдуу маселелерин камтыды.
- «Экономикалык билим берүүнүн ролу жана мааниси» аттуу докладда глобалдык өзгөрүүлөр шартында атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоонун маселелери кеңири ачылып, экономикалык билим берүүнүн туруктуу өнүгүүнүн негизги фактору катары мааниси белгиленди;
- «Экономика» темасындагы презентацияда экономикалык илимдин мазмуну, максаттары жана функциялары, экономикалык теориянын негизги багыттарынын эволюциясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын учурдагы экономикалык абалына талдоо берилди;
- Ал эми «Кыргызстандын көрүнүктүү экономисттери» деген темадагы докладда улуттук экономикалык ой жүгүртүүнүн калыптанышы жана кыргыз окумуштууларынын өлкөнүн экономикасын, илим менен билим берүү тармагын өнүктүрүүдөгү салымы көрсөтүлдү.
Талкуу учурунда катышуучулар жогорку активдүүлүктү көрсөтүп, көтөрүлгөн маселелердин актуалдуулугуна жана практикалык маанисине өзгөчө көңүл бурушту.
Жыйынтыктоочу бөлүгүндө студенттерди жана профессордук-окутуучулар курамын университеттин илимий, билим берүү жана коомдук иш-чараларына активдүү катышууга тартуу, стратегиялык демилгелерди ишке ашыруу жана студенттердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу боюнча бир катар сунуштар кабыл алынды.
Өткөрүлгөн тегерек стол Экономиканын жогорку мектебинде студенттердин кесиптик компетенцияларын жана илимий потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик демилгелерди колдоого системалуу түрдө көңүл буруларын дагы бир ирет тастыктады.
(С) Мельхер О.В., Михайлова И.В., Субанкулова Н.А. — кафедранын ага окутуучулары