2026-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан түзүлгөн аттестациялык комиссия Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине келип, окуу жайда диссертациялык кеңештерди ачуу үчүн зарыл болгон шарттарды текшерүүдөн өткөрүп кетти.

Эске салсак, Улуттук университет Жогорку аттестациялык комиссияга 10 илимий багыт боюнча диссертациялык кеңештерди ачуу өтүнүчү менен кайрылган. Алар: математика, химия, тарых, экономика, философия, филология, юридика, педагогика, психология жана социология.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 6 адамдан турган комиссиясынын курамына Жогорку аттестациялык комиссиянын, Ала-Тоо университетинин, Кыргыз-Орус Славян университетинин жана К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин өкүлдөрү киришти.

Комиссия мүчөлөрү менен жолугушууга КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, аймактык маселелер боюнча проректор Кундуз Базакеева жана административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов жана окуу жайдын илим-изилдөө иштери менен алектенген түзүм жетекчилери катышты.

Догдурбек Чонтоев комиссия мүчөлөрүнө Улуттук университетте аталган 10 багыт боюнча диссертациялык кеңештерди ачууга жетиштүү кадрдык потенциал, компьютердик-техникалык каражаттар, аудиториялык фонд, лабораториялар, диссертациялык кеңештердин отурумдарын өткөрүү үчүн атайын жабдылган залдар жана кабинеттер бар экенин маалымдады. Ректор о.э. 2024–2025-жылдары КУУда 14 диссертациялык кеңеш иш жүргүзүп, жактоо жана бекитүү коэффициенти жогору болгонун билдирди.

Улуттук университеттеги илимий-изилдөө иштеринин абалы тууралуу маалыматты илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу берди. Анын айтымында, КУУда 177 илимдин доктору, 557 илимдин кандидаты эмгектенет, алардын ичинен 97 профессор, 389 доцент, 5 УИАнын корреспондент-мүчөсү жана 3 академик.

Университетте 11 илимий-изилдөө борбору, 1 станция, 1 илимий-изилдөө институту жана 3 илимий мектеп иш алып барат. КУУнун окумуштууларынын Scopus жана Web of Science-те макала жарыялоо активдүүлүгү да жакшы динамика менен өсүүдө: эгер 2021-жылы 24 макала жарыяланган болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 197ге жеткен. Жалпы 616 макала жарыяланган. РИНЦ базасындагы макалалардын жалпы саны — 11 142.

Улуттук университететте учурда 4 илимий журнал чыгат. Алардын бири социалдык-гуманитардык илимдер багыты боюнча Scopus базасына киргизүү максатында активдүү иш алып барууда, ал эми математика багыты боюнча журналга Адилет министрлигинен лицензия алынып, эл аралык форматта иштөөгө даярдык жүрүүдө.

Окуу китептерин, окуу куралдарын жана монографияларды чыгаруу иши да жогорку деңгээлде жүргүзүлүүдө. 2025-жылы алардын саны 180ге жеткен.

Жыйынтыгында, комиссия мүчөлөрү Улуттук университетте 10 эле эмес, андан да көбүрөөк диссертациялык кеңештерди ачууга шарттар жетиштүү экенин белгилешти.

Добавить комментарий