2026-жылдын 27-февралында биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев менен аймактык маселелер боюнча проректор Кундуз Базакеева академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Улуттук университетке келип, бир жума бою тиешелүү факультеттерде тажрыйба алмашып, сабак өткөн Талас жана Нарын кампустарынан келген окутуучулар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактардан келген окутуучулар окуу процессинин уюштурулушу, материалдык-техникалык база, студенттердин билим деңгээли жана академиялык чөйрө тууралуу пикирлери менен бөлүшүштү. Алар Улуттук университетте түзүлгөн шарттарга жогору баа берип, мындай форматтагы кызматташтык кесиптик өнүгүүгө жана усулдук тажрыйбаны байытууга чоң мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгилешти.

Биринчи проректор Алайбек Шамшиев өз сөзүндө аймактык кампустардан келген окутуучулардын салымы өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгилеп, “Сиздердин активдүү катышууңуздар жана сабак өтүүдөгү жоопкерчиликтүү мамилеңиздер академиялык интеграциянын ийгилигин камсыздайт. Бул — эки тарап үчүн тең пайдалуу процесс”, — деди.

Аймактык маселелер боюнча проректор Кундуз Базакеева мындай тажрыйба алмашуу иш сапарлары КУУдагы бирдиктүү билим берүү мейкиндигин калыптандырууда маанилүү кадам экенин белгилеп, аймактык кампустар менен кызматташтык мындан ары да системалуу улантылаарын айтты.

Жолугушуунун соңунда тараптар академиялык мобилдүүлүк программасы окутуучулардын кесиптик чеберчилигин арттырууга, тажрыйба алмашууга жана билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

(С) Саадат Шерматова — академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнүн экспорту жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы                            

Добавить комментарий