2026-жылдын 25-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 30 жылдык мааракесине арналган интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.

Акыл таймашка студенттерден түзүлгөн 10 команда катышып, факультеттин тарыхы, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тармагы, Кыргызстандын тарыхы боюнча жана логикалык суроолорго жооп берип, билим деңгээлдерин сынашты. Атаандаштык жогорку деңгээлде өтүп, команда мүчөлөрү теориялык билимдерин гана эмес, аналитикалык ой жүгүртүүсүн, ыкчам чечим кабыл алуу жөндөмүн жана командалык иштөө маданиятын көрсөтүштү.

Иш-чара факультеттин 30 жылдык тарыхын даңазалоо, студенттердин кесиптик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана арттыруу,  интеллектуалдык потенциалын чыңдоо максатында өткөрүлдү.  Студенттер  мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тармагындагы келечектеги адистер болгондуктан оюн аркылуу  алардын тапкычтыгы, сүйлөө чеберчилиги дагы машыгат.

Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен командалар аныкталып, уюштуруучулар тарабынан дипломдор жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

(С) Джапарова Г.Э. — тарбия иштери боюнча  декандын орун басары

Добавить комментарий