2026-жылдын 24-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту менен Корея Республикасынын Кемен университети биргеликте ишке ашырып жаткан LUPIC эл аралык долбоорунун алкагында Глобалдык маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) лидерлик форуму өткөрүлдү.
Форумдун негизги максаты – маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана жасалма интеллект тармагында эл аралык кызматташууну чыңдоо, илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана жаш адистердин лидерлик потенциалын колдоо.
Иш-чаранын ачылышында КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу сөз сүйлөп, LUPIC долбоорунун университеттин өнүгүүсүндөгү стратегиялык маанисин белгиледи жана билим берүү менен илимдин интеграциясын күчөтүү, эл аралык академиялык байланыштарды кеңейтүү багытында долбоордун ролуна токтолду.
LUPIC долбоорунун жетекчиси, профессор Джу Хон Тэк долбоордун алкагында жетишилген натыйжалар тууралуу маалымат берип, биргелешкен изилдөөлөр, академиялык программалар жана келечектеги иш-чаралар илимий семинар тренинигдер пландалып жатканын билдирди.
КУУнун Эл аралык кызматташтык департаментинин директору Бакыт Келдибеков академиялык мобилдүүлүк жана кызматташуу маселелерине токтолду.
Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев LUPIC эл аралык долбоорунун алкагында жаңы түзүлгөн «Прикладдык жасалма интеллект» кафедрасынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, илимий-изилдөө потенциалы жана билим берүү процессине инновациялык технологияларды интеграциялоо маселелери боюнча кеңири маалымат берди. Ал о.э. институттун кыска жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнүгүү пландары, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана илимий инфраструктураны чыңдоо боюнча мерчемделген иш-чараларга токтолду.
Кафедра башчысы Кубан Шекеев жаңы билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жана илимий долбоорлор боюнча баяндама жасады.
Форумдун жүрүшүндө жасалма интеллект, санариптик трансформация жана инновациялык экосистема темаларында баяндамалар угулуп, активдүү талкуулар уюштурулду. Студенттер үчүн мастер-класстар жана практикалык сессиялар өткөрүлүп, инновациялык идеяларды иштеп чыгуу боюнча сунуштар берилди.
Глобалдык МКТ лидерлик форуму жаш адистерди колдоого, инновациялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана өлкөнүн санариптик потенциалын чыңдоого багытталган маанилүү эл аралык аянтча болду.
(С) Джунушалиева Б.А. — илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары