2026-жылдын 24-февралында КУУнун биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев менен Кыргыз Республикасынын шаттлкок жана лянга федерациясынын президенти Болотбек Марипов кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Кызматташуунун алкагында Улуттук университет аталган федерация менен студенттер арасында бул оюнду жайылтуу боюнча ар кандай мелдештерди  уюштурат. Ага катар дене тарбия кафедрасынын окутуу программасына дагы камтылып, оюндун келип чыгышы тууралуу илимий-изилдөөлөр жүргүзүүлөрү күтүлүүдө.  

Лянга же пара, кыргызчалап айтканда «тепмек», көбүнчө балалыкты эске салган оюндун түрү жана Борбор Азиянын бардык аймактарында кеңири тараган.

Добавить комментарий