2026-жылдын 25-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында 12 жылдык билим берүүгө өтүү алкагында жаңы муундагы окуу китептерин чыгарууда ЖОЖ мугалимдеринин ролу тууралуу жыйын болуп, иш-чарага Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов, «Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү, КУУнун ректораты, педагогикалык багытта окуткан факультеттердин декандары жана окутуучулары катышышты.
Жыйында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев сөз сүйлөп, 12 жылдыкка өтүү алкагында окуу куралдарынын жаңыланып басылып чыгарылышына ЖОЖ окутуучуларынын катышуусу өтө маанилүү экенин белгиледи жана Улуттук университет менен министрликтин «Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемеси менен кызматташуу натыйжалуу болот деген ишенимин билдирди.
Андан кийин «Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Аида Ишеналиева басма үйү чыгарган китептер жана «kitep.edu.kg» сайтына жайгаштырылган электрондук китептер тууралуу кыскача баяндама жасады.
Мындан тышкары жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо максатында «Кыргыз тили» (эне тил жана экинчи тил катары 1–12-класстар үчүн), “География” жана “Тарых” предметтери боюнча авторлорду тандоо сынагын өткөрүү процессинин жүрүшү маалымдалды. Маалыматта ушу тапта «Кыргыз тили» предмети боюнча сынак жүрүп жатканы, ага дээрлик 24 окуу китебин чыгаруу зарыл болуп жатканы айтылып, талапкерлерди тандоо жолдору жана критерийлери айтылды.
Иш-чара окуу китептерин жазууга мектептин да, жогорку окуу жайларынын да мугалимдеринин катышуусунун зарылдыгы, экспертиза бөлүмүнүн ишмердүүлүгү жана Сингапурдун мектептик билим берүү системасынын артыкчылыктары жөнүндө талкуу жана суроо-жооптор менен жыйынтыкталды.