2026-жылдын 23-февралында Мамлекеттик бажы кызматынын полковниги Нурбек Джээнбеков Юридикалык институттун “Бажы иши” адистигинде окуган студенттерге “Баңгизаттардын зыяндуулугу жана жаштардын сергек жашоо образын калыптандыруу” аттуу темада мазмундуу лекция өткөрдү.
Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан уюштурулган иш-чаранын негизги максаты — жаштар арасында баңги заттардын жана психоактивдүү каражаттардын зыяндуулугу тууралуу кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, укуктук жоопкерчилик жөнүндө маалымдоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана студенттерди спортко, коомдук активдүүлүккө үндөө аркылуу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатын көздөө болду.
Өз баяндамасында Нурбек Бекенович баңги каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, алардын коомго жана улуттук коопсуздукка тийгизген коркунучу тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле ал жаштардын баңгиликке берилишине алып келген социалдык жана психологиялык факторлорго токтолуп, мындай терс адаттар адамдын ден соолугуна, келечегине жана үй-бүлөсүнө орду толгус зыян алып келерин баса белгиледи.
Лекциянын жүрүшүндө ал психоактивдүү заттарды колдонуу адамдын организмине олуттуу терс таасир тийгизерин, көз карандылыкка алып келип, билим алуу процессине, коомдогу ордуна жана кесиптик өсүшүнө тоскоол болорун мисалдар аркылуу түшүндүрдү. Мындан тышкары, мыйзам бузган учурларда каралган жоопкерчилик чаралары тууралуу да маалымат берип, ар бир жаран мыйзамды сактоого милдеттүү экенин эске салды.
Иш-чаранын алкагында студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, адистен кеңеш алышты. Лекция ачык форматта өтүп, жаштар менен жандуу диалог уюштурулду. Бул жолугушуу студенттердин укуктук аң-сезимин жогорулатууга, сергек жашоо образын тандоого болгон мотивациясын арттырууга жана коомдогу терс көрүнүштөргө кайдыгер карабоого үндөөгө өбөлгө түздү.
Жыйынтыгында, катышуучулар сергек жашоо — ийгиликтүү келечектин негизи экенин белгилеп, мындай профилактикалык жана агартуу иш-чараларын мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүп туруу зарылдыгын билдиришти.
(С) Абдыбекова Айжан — жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүм башчысы