2026-жылдын 19-февралында зоология, адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы кафедрасында илимий-педагогикалык практиканын 1-курсунун магистранттары Зульфия Шайдуллаева менен Жибек Мамырованын «Экологиялык абалдын адамдын ден соолугуна жана бүгүнкү күндөгү айлана-чөйрөгө тийгизген таасири” деген темада доклад жасалды. Бул тема актуалдуу деп эсептелет, анткени экологиялык факторлордун адамдын ден соолугуна тийгизген таасири жашоонун бардык чөйрөлөрүндө актуалдуу бойдон калууда.

Презентацияга КУУнун Коомдук-гуманитардык илимдер Институтунун Жогорку окуу жайлардын педагогика кафедрасынын магистранттар үчүн илимий-практикалык ишинин жетекчиси Дамира Төлөгөновна Калибекова катышты. Талкууга активдүү катышкан 3-4- курстун студенттерине магистранттар доклад жасашты. Презентацияга кафедранын кызматкерлери жана кафедрадан магистранттын жетекчиси катышты. Иш-чаранын соңунда Д.Т. Калибекова магистранттар менен лекциянын мазмуну жана өтүшү боюнча талкуу жүргүздү.

(С) Б.Кадырова — зоология, адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы кафедрасынын доценти

Добавить комментарий