2026-жылдын 21–23-февраль күндөрү Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту тарабынан «Жасалма интеллект технологияларын иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча II Республикалык чемпионат» ийгиликтүү өткөрүлүп, калыстар тобунун расмий чечиминин негизинде жеңүүчүлөр аныкталды.

Чемпионатка Кыргыз Республикасынын бардык ЖОЖдорунан жалпы 154 команда катышты. Анын ичинен 130 команда офлайн форматта, 15 команда онлайн форматта, ошондой эле 8 жеке катышуучу өз долбоорлорун коргоду. Катышуучулар жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен мобилдик тиркемелерди жана веб колдонмолорду иштеп чыгышып долбоорлорун презентациялашты.

Долбоорлор төмөнкү критерийлер боюнча бааланды:

  • илимий жаңычылдыгы жана актуалдуулугу;
  • алгоритмдердин эффективдүүлүгү;
  • практикалык мааниси жана колдонулушу;
  • программалык ишке ашыруунун сапаты;
  • долбоорду коргоонун деңгээли.

Баалоо процесси жобого ылайык ачык-айкын жана объективдүү негизде жүргүзүлүп, протоколдук ведомосттор аркылуу жыйынтык чыгарылды.

 Мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу багыты боюнча жеңүүчүлөр:

I орун – «Codex» командасы: Султанова Алия, Кадыржанов Искендер, Балиев Омар

II орун – «Dream Team» командасы: Аттокуров Канат, Ибраимов Бектур, Эрмаматов Эрболот

III орун – Нуриев Нуркен

IV орун – «Neon Logic» командасы: Кадырбекова Тунук, Апалиева Акылай, Адамова Мариям

 Веб-тиркемелерди иштеп чыгуу багыты боюнча жеңүүчүлөр:

I орун – «Threatux» командасы: Шайлообеков Эрмек, Бекжанов Алихан

II орун – «DataBrainers26» командасы: Казыбеков Аман, Казыбеков Эсен

III орун – «IT-Kaganat» командасы: Бекболотов Эрдан, Маматкул уулу Эрадил, Артыкбаев Бексултан, Сулейманов Ильгиз

IV орун – «Кузницы Гефеста» командасы: Кошой кызы Таскира, Жакыпжанов Ороз, Эргашев Парвиз

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр I, II, III жана IV даражадагы дипломдор, 30 000 сом, 20 000 сом, 15 000 сом, 10 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар менен сыйланышып, номинация ээлерине атайын сертификаттар ыйгарылды.

Чемпионаттын байге фонду Корея Республикасынын Кемён Университети тарабынан каржыланып, бул эл аралык академиялык кызматташтыктын алкагындагы натыйжалуу өнөктөштүктүн айкын мисалы болуп калды.

(С) А.Рыспаев — Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору

Добавить комментарий