Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда 2026-жылдын 20-февралында «Программалык инженерия» билим берүү программасынын доценти, п.и.к. Кулбачаев Д.К. тарабынан Эне тилдин эл аралык күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — эне тилдин маанисин жана баалуулугун даңазалоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошуу, студенттердин тил маданиятын жогорулатуу жана улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сыйын калыптандырууга багытталды.
Иш-чаранын жүрүшүндө илим, билим берүү программалары жана санариптештирүү иштери боюнча директордун орун басары Джунушалиева Б.А. жана доцент Кулбачаев Д.К. эне тилдин коомдогу орду жана мааниси тууралуу сөз сүйлөп, тилди өнүктүрүү жана сактоо ар бир жарандын милдети экендигин белгилешти жана студенттерди Эне тил майрамы менен куттукташты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан эне тил жөнүндө көркөм окуулар, комуздун коштоосунда ырлар аткарылды жана ар улуттун студенттери тилди даңазалаган ырларды, бийлерди жана чыгармачыл номерлерди көрсөтүштү.
Иш-чара жогорку уюштуруу деңгээлинде өтүп, катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды.
Өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында студенттердин эне тилге болгон кызыгуусу жана урмат-сыйы артты.
(С) Джунушалиева Б.А. — илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары