2026-жылдын 12-февралында кыргыз филологиясы факультетинде «Сынчы-адабиятчылар К.Асаналиев жана К.Байжигитов атындагы кабинет» ачылды.

Бул саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчиси Медетбек Букуев, КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Назаркул Ишекеев, белгилүү окумуштуу-профессорлор, окутуучулар, о.э. аалым агайлардын үй-бүлөсү менен аспиранттары катышышты. 

Кабинет студенттердин жана магистранттардын илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүсүнө шарт түзүү, адабий сын жанрынын теориясын жана практикалык багыттарын тереңдетип окутуу, жаш изилдөөчүлөрдү даярдоо максатын көздөйт.

Ачылыш аземинде ректораттын атынан проректор Назаркул Ишекеев сөз сүйлөп, кабинетке аты коюлуп жаткан залкар сынчылар Кеңешбек Асаналиев менен Калыбек Байжигитов кыргыз адабият таануу илимине белсемдүү эмгек сиңиргендигин белгилеп өттү. Ошондой эле ушул өнөркана келечекте байма-бай адабий талкуулар, илимий жолугушууларды өткөрүүчү  турган жайга айланышына тилектеш экенин айтты.

Факультет деканы Бактыбек Жайлообаев университеттин жетекчилигинин «100 жылдыкка — 100 кабинет” демилгесин кыргыз филологиясы факультети артыкчылык менен ишке ашырганын баса  белгилеп, бүгүнкү өнөрканага салым кошкон демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын алкагында келген конокторго аалым агайлар тууралуу чакан тасма көрсөтүлүп, «Бийиктик феномени: К.Асаналиев, К.Байжигитов» аталышындагы жазылган илимий макалалар жана эскерүүлөр жыйнагы берилди. 

Эске сала кетсек,  кабинет мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын, башчысы, доцент Н.Осмонованын  жетекчилиги менен уюштурулуп, аталган адистиктин бүтүрүүчүлөрү анын ичин жасалгоолодо зор салым кошушкан.

Добавить комментарий