2026-жылдын 11-февраль күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барган жыйында негизги маселе катары «КУУнун илимий ишмердүүлүгүнүн концепциясынын аткарылышы жана алдыдагы иш чаралары», «2025-2026-жылдарга атайын эсеп боюнча кирешелердин жана чыгашалардын сметасы» жана башка ар түрдүү маселелер каралды.
Отурумдун башында ректор 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окууда, илимде, маданий-массалык, тарбиялык-коомдук жана спорттук иш чараларда активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына ээ болгон Чет тилдер факультетинин 3-курс студенти Айзада Каныбекова менен Кыргыз-кытай институтунун 3-курс студенти Дастан Карыпбаевге аталган сыйлыктын сертификатын, ал эми Кыргыз-европа факультетинин деканы Медина Нукеевага Улуттук аттестациялык комиссиянын чечими менен ыйгарылган «экономика илимдеринин доктору» окумуштуулук даражасынын дипломун тапшырды. Белгилей кетсек, аталган студенттер чет өлкөдө болгонун байланыштуу 2025-жылдын 31-октябрь күнү Ынтымак Ордодо болгон сертификат тапшыруу аземине катышпай калышкан.
Андан соң «КУУнун “Университет” пансионатынын аймагындагы курулуш иштери жөнүндө» административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов, ал эми илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу Юридикалык институттун окутуучулары Наргиза Джаналиева, Эрлан Базарбаев, Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары Жыргал Мурзалиева тарабынан даярдалган “Административный процесс”, Наргиза Джаналиева менен Эрлан Базарбаев тарабынан даярдалган “Административный процесс в схемах и определениях” аттуу окуу китептерине Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин грифин берүү, о.э. изденүүчүлөр Бактыбек Жайлообаев, Замира Кыдыргычова, Рахима Отонбаева, Айсулуу Эгамбердиева, Астра Укелеева жана Алтынбек Качкын уулунун докторлук диссертацияларынын темаларын бекитүү жана илимий кеӊешчилерин дайындоо жөнүндө билдирүү жасашты.
«КУУнун илимий ишмердүүлүгүнүн концепциясынын аткарылышы жана алдыдагы иш чаралары» деп аталган күн тартибиндеги биричи маселе боюнча илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, ал эми «2025-2026-жылдарга атайын эсеп боюнча кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитүү» деген экинчи маселе боюнча пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы Айнура Мамаева баяндама жасашты.
Отурумдун жүрүшүндө күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча Окумуштуулар кеңешинин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.