2026-жылдын 26-январында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Швейцария менен Кыргызстандын ортосундагы мейманкана жана бизнес билим берүү жаатындагы өнөктөштүк боюнча жыйын болуп өттү. Иш-чарага КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы туризм департаментинин директору Эрденет Касымов, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлү Ильгиз Султанов, КУУнун эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаментинин директору Бактыбек Келдибеков, география, экология жана туризим факультетинин деканы Рыскуль Токторова менен кыргыз-япон институтутун директорунун орун басары Жеңиш Бексултанов катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан 2030-жылга чейин Ысык-Көлдө, Бишкекте жана башка аймактарда ири долбоорлорду (Мисалы, Ала-Тоо Резорт, Чаткал Резорт) ишке ашыруу менен толук кандуу туристтик борбор болууну максат кылып жатканы, ал долбоорлор үчүн туризм багытындагы жогорку билимдүү топ-менеджерлер менен мыкты адистер талап кылынаары айтылып, Швейцариянын Люцерн шаарындагы Бизнес жана мейманкана башкаруу мектебинин (BHMS) ишмердүүлүгү тааныштырылды.
Аталган мектептин аймактык менеджери Овидиу Никанын айтымында, BHMS Улуу Британия менен Швейцариянын кош дипломдорун, 6 ай окуу жана 6 ай акы төлөнүүчү такшалмаларды (стажировканы) камтыган окуу моделин, ошондой эле дүйнөлүк мейманкана индустриясы менен тыгыз байланыштарды сунуштайт. Буга чейин BHMS Борбордук Азиядан келген студенттер менен иштешип келген жана аймактын өзгөчөлүктөрүн жакшы билет.
Ректор Догдурбек Чонтоев Кыргыз улуттук университети өлкөдөгү кадр даярдоо боюнча негизги окуу жай катары эл аралык тажрыйба алмашууга даяр экендигин жана мындай демилгелерди колдоорун билдирди.
Жыйында о.э. Швейцария менен Кыргызстандын ортосундагы мейманкана жана бизнес билим берүү жаатындагы өнөктөштүктүн алкагында студенттердин окуу мүмкүнчүлүгү жана каржы маселелери да талкууга алынды.