2026-жылдын 26-январында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кытай коомдук илимдер академиясынын университетинин Партиялык комитетинин Катчысы Сюй Цзиньчен баштаган өкүлдөр менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө ректор Кытай коомдук илимдер академиясынын университетинин Улуттук университетке жасаган сапары окуу жайлар ортосундагы жогорку деңгээлдеги ишенимдин жана өз ара кызыкчылыктын далили катары, ошондой эле кыргыз-кытай академиялык кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин баса белгиледи.
Тараптар биргелешкен илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, окутуучулар менен студенттердин академиялык алмашуусу, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, гуманитардык жана социалдык илимдер жаатында кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу пикир алышышты.
Кытай коомдук илимдер академиясынын университетинин Партиялык комитетинин Катчысы Сюй Цзиньчен өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2025-жылдын август айындагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу ийгиликтүү сүйлөшүүлөрүнөн кийин эки тараптуу мамилелер тынымсыз тереңдеп жатканын айтып өттү. Ал ошондой эле Кыргыз улуттук университети Кыргызстандагы бирден-бир негизги окуу жай катары таанымал экенин кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүнү макулдашышты.