2026-жылдын 23-январында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) чоң жыйындар залында “Horizon Europa” программасы боюнча маалыматтык семинар болуп өттү. Иш-чарага окумуштуулар, жаш изилдөөчүлөр, о.э. эл аралык илимий жана инновациялык кызматташууга кызыкдар болгон коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.
КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев жыйынды ачып жатып, Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин жогорку деңгээлдеги кызматташуусунун негизинде билим тармагында илимий потенциалды чыңдоого багытталган программалар ишке ашып, биргеликте илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын билдирди.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети илимий-инновациялык демилгелерге активдүү катышып, эл аралык алдыңкы тажрыйба алмашууларды бирден-бир стратегиялык багыт катары карайт.
— деди ректор.
Семинардын жүрүшүндө Европа Биримдигинин Глобалдык тейлөө борборунун эксперти Манфред Шписбергер “Horizon Europa” программасынын түзүмү жана негизги багыттары, каржылык жана уюштуруучулук аспектилери, эл аралык өнөктөштөрдү издөө механизмдери, кызматташтыкты өнүктүрүү келечеги жөнүндө маалымат берди.
Программанын алкагында туруктуу энергетиканы илгерилетүү, аймактык кызматташтыкты бекемдөө, жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу баяндамалар жасалып, буга чейин долбоорлорго катышкан мүчөлөрдүн ийгиликтери, алган тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Семинар активдүү катышуучуларга сертификат тапшыруу менен жыйынтыкталып, долбоордун координатору, Кыргыз Улуттук музейинин директору Жылдыз Бакашова ар бир изилдөөчүнү илимий конкурстарга катышууга чакырды.
Эске салсак, семинар Улуттук Координациялык борбор тарабынан уюштурулуп, Европа Биримдигинин Global Servise Facility илимий борбору менен биргеликте уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын окумуштуулары менен изилдөөчүлөрүнүн европалык илимий жана инновациялык демилгелерге катышуусун кеңейтүүгө багытталган.