2025-жылдын 29-декабрында “Керемет холдинг” компаниясы тарабынан жыл сайын уюштурулуп келген «Кыргызстандын эң мыкты студенти-2025» сынагы болуп өттү. Мелдешке өлкөбүздүн жети дубанынан таланттуу студенттер келип катышты.

«Кыргызстандын эң мыкты студенти-2025” сынагында окууда, спортто, коомдук жана маданий иштерде ийгилик жаратып келген 115 студент тандалып алынды, жалпысынан сынакка 1200дөн ашуун студент катышкан. Жыйынтыгында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен 15 студент  “Кыргызстандын эң мыкты студенти-2025” наамына ээ болду. Бул жетишкендик студенттердин тынымсыз эмгегинин, максатка умтулуусунун жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө болгон аракетинин жыйынтыгы болуп саналат.

Бул сынак жаштардын интеллектуалдык жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, атаандаштыкка жөндөмдүү, демилгелүү жана жоопкерчиликтүү адистерди тарбиялоого багытталган маанилүү иш-чара катары бааланды.

(С) Абдыбекова Айжан — жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмдүн башчысы

Добавить комментарий