2026-жылдын 30-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде студенттер үчүн «Коомдук жайларда өзүн-өзү алып жүрүү маданияты жана коопсуздук эрежелери» аттуу түшүндүрүү лекциясы өткөрүлдү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, студенттерге коомдук жайларда өзүн туура алып жүрүү, коомдук тартипти сактоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча маалымат беришти.
Лекциянын жүрүшүндө коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелери, жарандардын укуктары жана милдеттери, коомдук тартипти бузган учурда келип чыгуучу жоопкерчилик, ошондой эле ар кандай чыр-чатактуу кырдаалдарда туура чечим кабыл алуу маселелери тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Мындан тышкары, студенттерге коомдук жайларда маданияттуу жүрүм-турумду сактоо, айланадагыларга сый-урмат менен мамиле кылуу, коопсуздук эрежелерин так аткаруу жана укук бузууларга жол бербөө боюнча практикалык сунуштар айтылды.
Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен тиешелүү жоопторду алышты.
Мындай профилактикалык жолугушуулар студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, коомдук жоопкерчилигин калыптандырууга, коомдук тартипти сактоого жана жаштар арасында укук бузуулардын алдын алууга багытталган.
(С) Курманбекова Бурул — тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектор башчысы