2025-жылдын 12-декабрь күнү Физика жана электроника факультетинде Улуттук адабият күнүнө жана Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Кыргыз уулу Чыңгыз” аталышындагы иш-чара болуп өттү.

Иш-чараны п.и.д., УИАнын корр.-мүчөсү, профессор Эсенбек Мамбетакунов агай ачып берди.

Андан кийин ФТОФ(м)-1-24 группасынын магистранттары тарабынан даярдалган“Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы экологияга аяр мамиле” темасындагы доклад жасалды жана факультеттин таланттуу студенттери тарабынан залкарга арналган көркөм окуулар, обондуу ырлары, чыгармаларынан алынган монологдор, сахналаштыруу менен коштолу. Соңунда факультеттин деканы доцент Токтогонов С.А. каалоо-тилеги менен жыйынтыкталды.

(С) Тыныбек кызы Айдана — тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий