2025-жылдын 12-декабрында Юридика институтунун «Укук таануу жана бажы иши» кафедрасынын демилгеси менен «Бажы иши» адистигинде окуган студенттер улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине атайын экскурсия жасап келишти. Бул сапар дал ушул күнү белгиленүүчү Улуттук адабият күнүнө жана дүйнөлүк классиктин туулган күнүнө арналды.
Иш-чаранын негизги максаты студенттерди улуттук адабияттын улуулугу менен тааныштыруу, Чыңгыз Айтматовдун бай дүйнөсү, философиясы жана кыргыздын тарыхы менен маданиятына кошкон зор салымы менен жакындан тааныштыруу болду.
Бажы иши тармагындагы жогорку адистерди даярдоо менен бирге, биздин милдет — Кыргызстандын маданиятын жана тарыхын терең түшүнгөн, мекенчил жаштарды тарбиялоо. Айтматовдун мурасы — бул өзүн таануунун жана дүйнөлүк баалуулуктарды түшүнүүнүн ачкычы. Студенттерибиз залкар жазуучубуздун эмгектери жаралган атмосферага күбө болушу абдан маанилүү.
Жазуучунун үй-музейинде студенттер жазуучунун жашоосундагы жана чыгармачылыгындагы сейрек учуроочу экспонаттарды, китепканасын, жеке буюмдарын көрүп, анын эмгектеринин дүйнөлүк мааниси тууралуу маалыматтарды алышты. Бул сапар студенттердин патриоттук сезимин жана адабиятка болгон кызыгуусун арттырды.
КУУнун Юридика институту мындан ары да студенттер үчүн кесиптик билим берүүнү маданий-тарбиялык иш-чаралар менен айкалыштырууну улантат. 12-декабрь — Улуттук адабият күнү ушундайча мазмундуу жана эсте каларлык иш-чара менен белгиленди.
(С) Р.Т.Ибраимов — кафедра башчысы