2025-жылдын 8-декабрында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда 1-курстун студенттерин тосуп алуу кечеси өткөрүлдү.
Иш-чараны институттун директору Амантур Рыспаев ачып, студенттерди майрамы менен куттуктап, билим жана инновация багытындагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди.
Кечеде ошондой эле илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу сөз сүйлөп, институттун илимий-изилдөө ишмердүүлүгү, жаңы багыттар жана студенттик демилгелерди колдоо механизмдери боюнча маалымат берди.
Салтанаттуу кече студенттердин чыгармачыл номерлери жана тааныштыруу программасы менен уланды.
Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту жаңы студенттерге ийгиликтүү билим алуу жылы болушун каалайт жана аларды сапаттуу билим менен камсыздоого даяр.
(С) Т.Н.Сейдракманов – тарбия иштери боюнча директордун орун басары



















