2025-жылдын 10-декабрь күнү журналистика жана коммуникация институтунун “Жарнама жана коомчулук менен байланыш” программасы тарабынан уюштурулган жыл сайын өтүүчү «Кызыл Алма — 2025» чыгармачыл сынагы өткөрүлдү. Бул иш-чара студенттердин чыгармачылыгын колдоого, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын ачып берүү жана аны жаштардын дүйнө таанымына таасир этүүгө багытталган.

Быйылкы конкурска журналистика жана коммуникация институтунун ар кайсы курсунун, “Медиакоммуникация” багыты боюнча колледждин, Тарых жана чөлкөм таануу институтунун жана Кыргыз эл аралык универсалдык колледжинин “Жарнама” багытынын студенттери катышып, өздөрүнүн чыгармачылыгын жана креативдүү ой-жүгүртүүсүн көрсөтө алышты. Ачылыш аземинде Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор, пед.и.д., профессор Ишекеев Н.И. катышуучуларга ийгилик каалап, сынакты ачык деп жарыялады. Конкурстун жүрүшүн адилеттүү баалоо үчүн тажрыйбалуу окутуучулар жана медиа тармагындагы адистерден турган калыстар тобу иш алып барды. Калыстар тобунда Чынгыз Айтматов фондунун аткаруучу директору Байгазиева Даяна жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин PhD доктору Толкун Бектурган кызы болду.

Конкурстун жыйынтыктары

1. Эссе-сторителинг сынагы

  • I деңгээлдеги дипломдун ээси: Жаныбекова Загида, Сейиткулова Сирена (кырг, фил.)
  • II деңгээлдеги дипломдун ээси: Мекенова Бегимай (гр. РиСО-1-24)
  • III деңгээлдеги дипломдун ээси: Токтонбекова Айжамал (гр. ЖК-1-24), Имангазаиева Жанара (гр. РиСО-1-24)

2. «Мыкты сахналаштырылган оюн» номинациясы

  • I деңгээлдеги дипломдун ээси: гр. ЖК-1-24, гр. РК(б)-1-23
  • II деңгээлдеги дипломдун ээси: гр. ЖК-2-24, гр. МК-11-24
  • III деңгээлдеги дипломдун ээси: гр. РиСО-1-24, гр. РиСО-1-25

3. «Постер жана комикс» сынагы

  • I деңгээлдеги дипломдун ээси: Аманидинова Айганыш (гр. РиСО-1-24)
  • II деңгээлдеги дипломдун ээси: Кубанычбекова Медина, Тынчыбекова Сайкал (гр. РиСО-1-25)
  • III деңгээлдеги дипломдун ээси: Көчөнова Эвелина (гр. ЖК-1-24), Токолдошова Бегимай, Токтасынова Ширин (гр. РиСО-1-23)

4. «Видео-көркөм окуу» сынагы

  • I деңгээлдеги дипломдун ээси: гр. РиСО-1-24
  • II деңгээлдеги дипломдун ээси: Сагынкулов Жанат (гр. РК(б)-1-25)
  • III деңгээлдеги дипломдун ээси: Тагаев Дилмурат (гр. МО-5-25), Жумамүдүнова Адинай (гр. РК(б)-1-24)

5. «Мыкты образ» номинациясы

  • I деңгээлдеги дипломдун ээси: гр. РиСО-1-24
  • II деңгээлдеги дипломдун ээси: гр. ЖК-1-24
  • III деңгээлдеги дипломдун ээси: гр. РиСО-1-25

Улуу жазуучунун чыгармаларындагы гуманизм, адамдык баалуулуктар, табиятка болгон мамиле жана руханий изденүү бүгүнкү муун үчүн дагы да актуалдуу экенин катышуучулардын иштери дагы бир жолу тастыктады.

Конкурс материалдарында Айтматов каармандарынын тагдыры, алардын моралдык тандоолору, адамдык жоопкерчилиги жана руханий күчү жаңыча чечмеленди.

Калыстар тобу белгилегендей, Айтматовдун чыгармалары жаштарды ой жүгүртүүгө, изденүүгө, мекенди сүйүүгө жана адамгерчиликти туу тутууга шыктандырат. Бул конкурстун негизги баалуулугу дал ушул – Айтматовдун дүйнөсүнө сүңгүп, андан идея, дем, күч алуу мүмкүнчүлүгүн студенттерге берүү. «Кызыл Алма» сынагы мындан ары да жазуучунун руханий мурасын жайылтуу жана таланттуу жаштарга чыгармачылык аянтча түзүү максатында улана берет.

Добавить комментарий