Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин факультеттер жана институттар арасында уюштурулган 74-спартакиаданын жыйынтыгы менен Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун шахмат боюнча эркектер курама командасы өзүн мыкты деңгээлде көргөзүп, аталган мелдеште жалпы командалык биринчи орунду багындырды.
Институттун жалпы жамааты аталган ийгиликти жогору баалап, төмөнкү студенттерди жеңиши менен куттуктайт:
- Жанышбеков Тимурлан ИСТ- 2-23
- Маннанов Исроил БИ-1-24
- Салимов Дооронбек ИТ-1-24
Команданын бул жетишкендиги – алардын тынымсыз эмгегинин, тартиптүүлүгүнүн, спорттук маданиятынын жана жеңишке болгон бекем эрктүүлүгүнүн натыйжасы деп эсептейбиз.
Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун дирекциясы команданын мүчөлөрүнө, машыктыруучуларына жана колдоого алган бардык тараптарга терең ыраазычылык билдирет. Студенттердин мындай көрсөткүчтөрү институтубуздун спорттук жетишкендиктерин жаңы деңгээлге көтөрүп, институттун аброюн дагы бекемдөөгө зор салым кошо беришине тилектешпиз.
Сиздердин буга чейинки жана мындан аркы ийгиликтериңиздер институтубуздун сыймыгы болуп кала берет. Жеңишиңиздер менен чын жүрөктөн куттуктайбыз, жаңы ийгиликтерди багындырууну каалайбыз!
(С) Т.Н.Сейдракманов – тарбия иштери боюнча директордун орун басары
