2025-жылдын 25-ноябрь күнү Журналистика жана коммуникация институтунда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган «Миру — Мир!» эл аралык студенттик кинофестивалынын экинчи күнү мазмундуу иш-чаралар менен уланды.

Алгач Россия кинотеатрында фестивалга катышкан тасмалар көрсөтүлүп, калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Сынакка Россия, Казакстан, Тажикстан, Монголия жана Кыргызстандан жалпы  20 фильм келип түшкөн, финалда 9 эмгек калыстар тобунун элегинен өттү. Эмгектер мазмуну, көркөм чечими жана теманын ачылышы боюнча бааланды. Калыстар тобуна Россиянын белгилүү театр жана кино актёру Игорь Петренко төрагалык кылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Игорь Петренко тандоо оңой болбой турганын белгилеп: «Ар бир тасмада эмгек, идея жана жүрөк бар. Биз калыстык менен чечим чыгарабыз», – деген оюн билдирди.

Андан кийин журналистика жана коммуникация институтунун студенттери үчүн Игорь Петренко өзгөчө күтүлгөн мастер-класс өткөрдү. Анда актер кесипке келүү жолу, Улуу Жеңишти эстен чыгарбоонун мааниси, руханий баалуулуктар жана Кыргызстанга болгон жылуу таасирлери жөнүндө айтып берди.

Студенттер белгилүү актер менен түз баарлашып, чыгармачылык жана кесиптик тажрыйбанын баалуу сабактарын угуп, кызыктырган суроолорун берип, мотивациялык кеңештерди алышты.

Кинофестивалдын экинчи күнү студенттерге өнүгүү, көркөм ой жүгүртүү жана тарыхый эстеликтерди сактоонун маанисин жаңы ракурстан көрүүгө мүмкүндүк берди.

(С) Перизат Джаныбекова – адис

Добавить комментарий