Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде жана академиялык мобилдүүлүк программасын өнүктүрүү максатында 2025-жылдын 25-ноябрь күнү Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы Гуманитардык-табигый илимдер факультетине ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин бухгалтердик эсеп жана салык бөлүмүнүн окутуучусу Касымбекова Жумагүл Токтобаевна «Салык жана салык салуу» сабагынан «Кыргыз Республикасындагы салык системасы жана анын экономикадагы ролу» темасында конок лекция өтүп берди.

Студенттер активдүү катышып, жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүштү.

(С) Асанова Гулзар – Ош шаарындагы Гуманитардык табигый илимдер факультетинин окутуучусу

Добавить комментарий