2025-жылдын 24-ноябрында Улуттук университетте «Миру – Мир!» аталышындагы студенттердин эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Кино тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана Улуу Жеңишти эскерүү максатында Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналып өткөрүлүп жаткан фестивалга Россия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Монголиянын студенттери катышууда.
Фестивалдын ардактуу конокторунун бири, Россиянын белгилүү театр жана кино актеру Игорь Петренко калыстар тобунда болот. Ал программанын алкагында студенттерге мастер-класс өтмөкчү.
Сыйлуу коноктордун арасында Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутатынын жардамчысы Александр Измайлов, «Звезда» телекомпаниясынын продюсери Евгений Исаев да бар.
Уюштуруучулардын бири, КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк Фестивалды ачып, бардык келген конокторго ийгилик каалоо менен, алдыңкы күндөрү көрсөтүлө турчу тасмалардан жаркын жылдыз чыгышына тилектеш экенин билдирди.
Эскерте кетсек, Фестиваль 26-ноябрга чейин уланып, тасмалар Бишкектеги «Россия» кинотеатрында көрсөтүлөт. Конкурсанттар кыска метраждуу, документалдык фильмдерин жана анимациялык долбоорлорун тааныштырат.