2025-жылдын 4-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев Кытайдын Түндүк-Батыш педагогикалык университетинен келген делегацияны кабыл алды.
Делегациянын курамы:
- Ма Либан – Түндүк-Батыш педагогикалык университетинин проректору
- Го Цзюн – Билим берүү технологиялары институтунун директору
- Ян Синь – Илим изилдөө академиясынын директорунун орун басары
- Ян Баолинь – Эл аралык кызматташтык жана тажрыйба алмашуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары
- У Тин – Чет тилдер институтунун доценти
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, университет аралык пайдалуу кызматташуунун келечеги, окутучуулар менен студенттердин ортосундагы маданий алмашууларды кеңейтүүнү талкуулашты.
Иш-чаранын соңунда эки университеттин ортосундагы өз-ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.